Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин тиешелүү жетекчилерине нефтебазадагы өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди. Бул туурауулу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
“Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүлөр чыныгы эрдик көрсөтүштү. Жанында күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган бир топ ишканалардын объектилерин, 2000ге жакын жергиликтүү тургундардын өмүрү, материалдык баалуулуктарынын сакталышы дал ушул ӨКМдин кызматкерлеринин тайманбастыгы, тилсиз жоо менен алпурушуудагы билгичтиги, кесипкөйлүгүнө байланыштуу болду. Кечээки Жалал-Абад шаарындагы өрт менен күрөшүү жалпы коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, бардыгыбыз тынчсыздануу менен өрт өчүрүүчүлөрдүн эрктүү аракеттерине күбө болдук десем жаңылышпайм“, – деди министр Н.Мирзахмедов.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 182 өрт өчүрүүчү, 12 өрт өчүрүү унаа, 2 автошаты, Жала-Абад шаарынын Жарандык Коргонуунун күч,каражаттары, башка ишканалардан кошумча 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.
Өрт саат 17:25те чектөөгө алынып, саат 00:17 толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5300 тонна көбүктөндүргүч (пенообразаватель) сарпталган. Нефтебазанын аймагына жакын жайгашкан турак жайлардан болжол менен 2000 жаран тууган уруктарынын үйлөрүнө эвакуацияланып, коркунуч жоюлгандан кийин жашаган үйлөрүнө кайтышкан.