Ийгиликтүү ишкерлер эмнеге бир кийим менен жүрөт?

304

Мода индустриясынын тездик менен өнүгүүсүнө карабастан, аталган «капсулдук гардероб» — 10-15 гана базалык буюмдардан турган гардеробтун популярдуулугу улам өсүүдө. Жана көпчүлүк учурда ага эң бай жана ийгиликтүү адамдар кайрылат.

Азыраак чечимдер.
Канчалык көп чечим кабыл алууга туура келсе, алардын сапаты ошончолук начар болот. Мисалы, бул пикирди фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг карманат. Күнүгө жумуш боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алган адамдар үчүн, аткарылчу иштердин тизмесинен эрте менен эмне кийүү деген кичинекей чечимдин да толук өчүүсү, — мээде башка ойлор үчүн көбүрөөк убакытты жана орунду бошотот.

Убакытты азыраак сарптоо.
Кийим тандоого канча убакыт кеткендигин элестете да албайбыз, качан андан баш тартканыбызга чейин. Беш жыл мурун Москвада «333» аттуу эксперимент өткөрүлгөн: 3 ай бою 33 гана кийим кийүү керек эле. Катышуучулар үлкөн убакытты үнөмдөп башташканын, эрте менен жумушка жыйналуу оңоюраак жана батыраак болуп калганын ырасташты.

Азыраак стресс.
Нью-Йоркто арт-директор болуп эмнектенген Матильда Каль белгилегендей, капсулдук гардеробту карманып, ал күн жүрүшүндө кийим туурасында азыраак кабатырланат. Мындан ары: бул өтө эле официалдуу эмеспи? өтө ачык эмеспи? — сыяктуу суроолор жаралбайт. «Мен метронун платформасына жакындаганда кийген кийимим үчүн өкүнүп баштайт элем». Бирок азыр жибектен болгон фирмалык ак көйнөктө жана кара шымда кабатырлануу күн сайын бир пунктка азайды.

Азыраак энергия коротуу.
Бул идеяны белгилүү режиссёр Кристофер Нолан карманат. Бир гана чоң гардероб тандоо эмес, аны андан ары тейлөө, иреттөө, буюмдарды бөлүү, аларды жууп-тазалоо ж.б. дагы энергияны талап кылат деп белгилейт ал. Булар, ийгиликтүү адамдар минимум убакыт жана энергия кетирүүнү каалаган иштердин катарына кирет.

Азыраак, бирок сапаттуураак.
Көп учурда чоң гардероб, сиз анда болгон бардык кийимдерди кийесиз дегенди билдирбейт. «Мурун менин шкафым абдан чоң жана басымдуу ар түрдүүлүгү менен кондитердик дүкөнгө окшош болчу, — деп бөлүшөт жаш эне. — Жана көпчүлүк кийимдерим мага жакпайт эле, мен аларда өзүмдү ыңгайсыз сезчүмүн. Эми болсо менин капсулдук гардеробум — элиталык ресторан сыяктуу. Азыр менде тандоо варианттары аз, бирок, мен алардын ар бири — идеалдуу экендигине ишенем. Менин сырткы келбетим жакшырды жана өзүмдү да жакшы сезип калдым».

Культалык статус.
Нью-Йорктук жазуучу Элис Грегори белгилейт: «Күндөн күнгө кайталанма кийим кийүү — бул культалык көрүнүш. Бул өзүңдү атактуу сезүүнүн арзан жана оңой жолу. Жалгыз бир костюм сиздин жетилгениңизди, туруктуулугуңузду, өзгөрбөс баалуулуктарыңызды чагылдырат. Балдар үчүн китептеги каармандар да ар дайым бир эле кийим кийүүсүнүн себеби да ушунда жатат — алар тууроо үчүн үлгү сыяктуу, өзгөрбөс жана ишенимдүү».

Азыраак чыгымдар.
Ачыгын айталы: шкафтарыбызда биз бир да жолу кийип көрбөгөн нерселер көп. Эми бул канчалаган ашыкча коротулган акчалар экенин санап көрүңүз!

БУЛАК: insan.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь