Тележылдыз Ким Кардашьян жана рэпер жолдошу Канье Уэст экөө төртүнчү ирет ата-эне болушту. Алардын уулун жарыкка карын эне алып келген.
Кубанычтуу ирмем тууралуу Кардашьян өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу кабарлап, жаңы төрөлгөн уулу бир жаштагы Чикаго Уэстке окшош экенин айткан.
38 жаштагы Кардашьян эки жолку оор төрөттөн кийин, кийинки балдарын карын эне аркылуу жарыкка алып келген. Азыр улуу кызы Норт 5 жашта, уулу Сейнт үч жашта,кичүү кызы Чикаго бир жашта.