Мамлекеттик мекемеде иштеп 32 миллион сом сый акы алган Токтосунов

346

Өткөн жумада «Азаттык» сайтына мындай макала жарыяланды. Анда: «Жакында Эл аралык «Манас аба майданы» ачык акционердик коомунун карамагындагы «Манас менеджмент компаниясы» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен анын президенти Асан Токтосунов кызматынан алынды. Директорлор кеңеши анын ордуна Мурат Примбердиевди дайындады. Буга чейин «Манас Менеджмент» компаниясынын президенти Асан Токтосунов мамлекеттик ишкананын эсебинен 2 миллион сом чыгым кылып, эмгек жамаатына жаңы жылдык шаан-шөөкөт өткөргөнү боюнча видео материалдар интернетке тараган болчу. Мындан сырткары директор кеңешинин чечими менен мамлекеттик үлүшү бар компаниянын эсебинен Асан Токтосуновго айлыгынан сырткары жыл сайын ири өлчөмдө сый акы чегерилип, фактыларды ырастоочу финансылык документтердин көчүрмөсү интернетке чыккан эле. Директорлор кеңеши 2012-жылы компаниянын президенти Асан Токтосуновго 6 454 402 сом, 2013-жылы 10 967 281 сом, 2014-жылы 11 271 484 сом, 2015-жылы 4 092 987 сом, жалпы 32 миллион сомдон ашык сый акы берилгени көрсөтүлгөн» Мына окурман. Бул эмне деген шумдук? Сый акы үчүн олчойгон каражаттарды алган Асан Токтосунов ушунчалык кол тийгиспи? Мынча сый акы алгыдай ал эмне кызмат өтөдү, кайсы маңдай тери төгүлдү? Колу жооруп, бели бекчейгенче кетмен чаап кыйналып атабы? Токтосунов Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшсө дагы жазага тартыш керек го…
Булак: “Де-Факто”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь