Модель бизнесинин чыры: Европага жолдомо алам деп жыныстык катнашка макул болгон (маек)

527

Кечээ 10-майда Элдик медиа сайтына “Модель кылам деп интимдик кызмат көрсөтүүгө түрткөнбү?” деген аталыштагы макала жарыяланган. Анда Чолпон аттуу айым, “Моделдердин таймашы” долбоорун уюштуруп жүргөн Токтосун Намазовдун алдамчылыгына туш болгонун айткан. Ошондой эле ал Токтосун Намазовду “Кыздарды модель кылуу үчүн интим кызматтарга түртөт” деген оюн билдирген. Өз кезегинде Токтосун Намазов бул айыптоолордун баардыгын четке кагып, элдик медиа сайтын жалган жалаа таратып жатканы үчүн сотко берээрин билдирген. Бирок элдик медиа сайтына аты жөнүн жана өз жүзүн көрсөткүсү келбеген кыз “Моделдер таймашынын” былыктарын ачыктап берди. Маекти толук сунуштайбыз:

  • Алгачкы сурообуз учурда “модель кылабыз деп ар кандай ыпылас жолдорго барышат” деген сөздөр жүрүп жатат. Чын эле ошондойбу?
  • Эки жума мурун инстаграмм баракчасынан моделдик бир компаниянын “моделдер жарышын” өткөрөрүн угуп калдым. Ал жакка бардым. Үч күндөн кийин 7миң сом сурашты. Аны экиге бөлүп бердим. Эки күн даярдыктарга барып үчүнчү күн дегенде долбоордун башкы уюштуруучусу Токтосун Намазов мени тамактанууга чакырды. Мен макул болуп бардым. Экинчи уюштуруучу Мая дагы келиши керек болчу, эки саат күттүк келген жок. Токтосун мага ачык эле айтты “азыр бирөө келет, сен аны менен интимдик катнашка барышың керек. Анын ордуна мен сага бул сынактан биринчиликти алып берем” деди. Биринчиликти жеңип чыкканга Европага жолдомо берилмек. Бир жолу чыдап кой деди. Ушундай сынактарга көп катышып көп убакыт жана каражат кеткендигине байланыштуу мен макул болдум. Ак түстөгү Range Rover келип, экөөбүздү бир үйгө алып барды. Ал жактан адегенде спирттик ичимдиктер куюлуп, андан соң жыныстык катнаш болду. Ал бала эки-үч сааттай убакыт өткөрүп кетти. Аны Токтосун Намазов В Контактеден таап сүйлөшкөн, болжолу менен 27-30 жаштардагы бала. Андан канча сом алганын билбейм. Менин башкы максатым жеңиш болчу. Бул бир жумага чейин уланарын айтып, чыдап кой деди. Дагы бир батирге бардык, ал жактан дагы бирөө келди. Андан кийин ушундай көрүнүш эки жумадан бери уланып келе жатат. Мен эми түшүндүм эч кандай долбоор жок экендигин. Жөн гана ушундай жол менен кыздар аркылуу акча табарын байкай баштадым. Сураштырып көрдүм, эч кандай документтери жок, бул проект бир жылдан бери болуп келе жаткан экен. Келген кишилер үй-бүлөлүү акчасы бар экендиги көрүнүп турат. Токтосун Намазов жарнамага демөөрчүлөрдү таап, аларга кыздарды сунуштоо менен акча табат.
  • Эки жумадан бери үйүңүзгө бара элексизби?
  • Үйүмө бара элекмин. Үйдөгүлөр чалганда сарсанаа болбосун деп, бул жакта батирде жашап жатап деп койгом.
  • Эки жумадан бери күнүгө болбосо дагы күн алыстан өзүңүздөн улуу кишилер менен жыныстык катнашка барып жатыптырсыз? Бул мажбурлоо менен болуп жатабы? Андай болсо биринчи жолу алдангандан кийин эле долбоордон баш тартып кетип калсаңыз болбойт беле?
  • Ал айткан бир жолу чыдап кой деп. Ушунун бары болуп калгандай кийин мен артка кайра кайткым келген жок.
  • Айтып жатпайсызбы келген кишилерден акча алып жүргөн деп, канча сомдон алчу эле?
  • Болжолу менен 5миң сомдон 10миң сомго чейин. Бирок андан дагы көп алышы мүмкүн, себеби биз ижарага алып жаткан батирлер, тамактанган жайлар кымбат жерлер болчу.
  • Бул сынакка чейин эмне иш менен алек болуп келгенсиз?
  • Буга чейин окучумун. Окуумду бүтүп эле сулуулук сынактарына катыша баштадым.
  • Сиздин айтымыңызда алданып азыр жаман жолго түшүп калыптырсыз. Эми мындан кийинки кадамдарыңыз кандай болот?
  • Мындан ары элдерди таанып, анын тастыктаган документтерин карап анан кадам жасайм.
  • Өзүңүздү “эки жума денемди саттым” деп эсептейсизби?
  • Факты менен алганда ошондой болуп калып атат. Бирок менин максатым башка болчу. Мен эч кимден акча алган жокмун.
  • “Сулуулар таймашынан” биринчиликти алып кала турган болсоңуз, өзүмдүн адал эмгегим менен жеттим деп эсептейсизби?
  • Ооба, эсептейм. Мага оңой болгон жок. Катышып жаткан кыздардан эч жерим кем эмес. Өзүмдү татыктуумун деп ойлойм. Бары ушунча көп убакытка созулуп кеткенден кийин кайра артка кайткым келген жок. Орто жолдон кетким келди бирок видеого тартып алып чыгарып жибереби деп корктум. Андан тышкары белгилүү эле кыздарды айтып булар деле ушундай жол менен жеткен деп айтып баштады.
  • Ошол атын атаган кыздарды бизге айтып бере аласызбы?
  • Жоок колунан кармап албагандан кийин айтышым туура эмес болуп калат го, бирок белгилүү эле моделдердин атын атаган.
  • Сиз алданып калдым деген адам азыр деле кыздарды кабыл алабы?
  • Кабыл алат анткени взнос алат да, анын максаты акча табуу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь