Орозо учурунда алсыздыкка чалдыкпоо үчүн төмөнкү кеңештерге көңүл бөлүңүз.
Саарлыкты унутуп калбай сөзсүз ичиңиз!
Организм жетиштүү энергияга ээ болуш үчүн саарлыкта ичкен тамагыңыз абдан маанилүү. Мисалга, эртели кеч ачка болуп ифтар убактысына келгенде бат эле кардыңыз тоюп калат. Андан соң адамдар көп деле тамак жей албай калат.
Айрым учурда Орозо кармагандар эртең менен ооз бекиткенди унутуп уктап калган учурлар көп кездешет. Мындай абал сизди алсыздыкка учуратышы мүмкүн. Ошондуктан адистер өз убагында ооз бекитүү керектигин айтып келет.
Организмди керектүү суу менен камсыз кылуу
Адамдын организминин алтымыш пайызы суудан турат. Адам физикалык жумуш кылганда анын үч пайызы гана иштетилет экен.
Эгерде организмиңиздеги суу балансын сактоону кааласаңыз, анда ооз бекитүү учурунда шекер кошулган чай жана кофеден алыс болуңуз. Анткени алар сизди ансайын суусатышы мүмкүн. Эң жакшысы оозду суу менен бекиткен жакшы.
Кайра иштетилген тамак-аштан алыс болуңуз
Сосиска, колбаса сыяктуу тамак-аштар менен ооз бекиткенде күн ичинде сизди суусатканга дуушар кылат.
Физикалык кыймылыңызды артырыңыз
Сиз канчалык кыймыл-аракет көп жасасаңыз, сиздин маанайыңыз ошончолук көтөрүңкү болмокчу. Мисалга, ифтардан бир саат өткөндөн кийин бир саат жөө басууну адатка айлантыңыз. Мындай натыйжа менен сиз кечкисин сонун уктайсыз.
Ички органдарыңызга көңүл бөлүңүз!
Өзгөчө Орозонун алгачкы күндөрүндө тамактануу убактысы алмашканга байланыштуу, сизде шишип кетүү пайда болушу мүмкүн. Сиздин организмиңиздин эң негизги бөлүгү бул ичегилердин мыкты иштөөсү болуп саналат. Ошондуктан, аны пробиотик (сүт, айран) кошулган тамак-аштар менен камсыздап туруңуз.
Булак: zaman.kg