Ташиев өрттү өчүргөндөргө эмне деди? (ВИДЕО)

259

Экс-депутат Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы мунай базаны өчүрүүдө күжүрмөн аракет жасаган өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылыгын айтып, батасын берди.

Тилсиз жоону өз убагында өчүрүп калганга аракет кылгандарды Орозо айында сый көрсөтөөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, өрт жалмаган нефтебаза “Томас и Ко” компаниясына таандык. Анын жетекчилеринин бири саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиев экени белгилүү.

Эске салсак, 10-майда Шерматов көчөсүндө жайгашкан нефти базасынан эртең менен саат 10:00дө чыккан өрт саат 17:25те чектөөгө алынып,түндө 00:17 толук өчүрүлгөн.

Андан эки өрт өчүрүү кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилген.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь