Бишкек шаарында унааны ижарага алып аны сатып жиберген 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. 2018-жылдын 3-октябрында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны жакшы тааныш эмес адам ижарага алып, аны сатып жибергендиги боюнча шаар тургунунан арыз түшкөн. Чыгымы 414 миң сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, “каракычылык” беренеси менен шектүүгө издөө жарыяланган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натйыжасында 1989-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран колго түшүрүлүп, Бишкек ШИИБ нын убактылуу кармоочу жайын киргизилди.
Кармалган жарандан дагы жабыркагандар болсо төмөнкү номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнүшөт: (0551) 10 21 80, (0554) 10 21 52, (0709) 76 76 06