Ысык-Көлдөгү жөө күлүктөрдүн марафонунда Маслова менен Кыштакбеков биринчи келишти

323

Бүгүн 11-майда Ысык-Көлдө өткөн «Run the Silk road» VIII эл аралык марафонунда Кыргызстандын жеңил атлетчилери жеңүүчү болушту.

Эркектер арасында Адилет Кыштакбеков, ал эми кыз-келиндер арасында атактуу жеңил атлетчи Дарья Маслова биринчи келди. Маслова 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 41 мүнөт жана 36 секунд убакытта багындырган. Жарышта экинчи байгелүү орунду дагы бир кыргызстандык Юлия Андреева камсыздады. Ал эми кытайлык айым Юнли Пан үчүнчү орунга татыды.

Эркектерден экинчи жана үчүнчү орундарды өзбекстандык марафончулар Шахрух Давлятов жана Андрей Петров ээлешти.

Уюштуруучулар жеңүүчүлөргө 4000 АКШ доллары өлчөмүндө байге убада кылышкан. Марафонго 27 өлкөдөн 3 миңге чукул киши катышты. Жөө күлүктөр Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан Корумду айылына чейин чуркашты.

Эл аралык марафонду өткөрүү үчүн мамлекеттен 10 млн. сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Шанхай кызматташтык уюмунун марафону Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, жөө күлүкчү Сатымкула Жуманазаровдун элесине арналган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь