ӨКМ: Жалал-Абаддагы өрттөн 2миң тонна мунай күйүп кетти

204

10-май күнү саат 10:03тө Шерматов көчөсүндө жайгашкан нефттини кайра иштетүүчү заводуна караштуу май сактоочу кампасынын аймагында 1000 тонналык 1 даана цистернада дизель майы жана 1000 тонналык 1 даана цистернада мазут күйгөн.

Мындан сырткары МАN үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаасы толугу менен күйгөн.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен нефтибазанын 24 жаштагы кароолчусу  45-50% күйүк жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилген. Ошондой эле 35 жаштагы сержант денесинен 3% күйүк алып, (бети, далы) Жалал-Абад шаардык ооруканасына кайрылып, абалы канааттандырарлык.

Жалал-Абад облустук башкармалыгынан ыкчам топ, ӨКМден 182 өрт өчүрүүчү, жалпы 12 өрт өчүрүү унаа, 2 автошаты, Жала-Абад шаарынын Жарандык Коргонуунун күч,каражаттары тартылган.

Мындан тышкары, башка уюмдардан( ишканалардан) кошумча 4 ан өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 17:25те чектөөгө алынып, саат 00:17 толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5300 тонна көбүктөндүргүч (пенообразаватель) сарпталган.

Нефтебазанын аймагына жакын жайгашкан турак жайлардан болжол менен 2000 жаран тууган уруктарынын үйлөрүнө эвакуацияланып, коркунуч жоюлгандан кийин жашаган үйлөрүнө кайтышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь