Ооз ачууга келген Туркиянын элчисин «Сапат» билим беруу уюмунун жетекчиси Орхан Ынанды менен бирге отургузуп койгонуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетекчиси муфтий Максат Токтомушевду кагып кеттип калган видео интернетке тараган.
Ошол чырлуу ооз ачырууга белгүлүү төкмө акын Аалы Туткучов да катышып ырдай албай калганына ызаланганын өзунүн фейсбук баракчасына бөлүштү.
Өзгөртпөй беребиз.
“Жаман үйдү коногу бийлейт. Бул күнү таякемдин кырк ашына Таласка жолго чыкмак элем. Муфтият интеллигенцияга ооз ачырат, ырдап берип койушуңду муфтий суранып жатат-дешкенинен кыя албай бардым. Түрк элчиси минтип залдан кыйкырып чыгып кетти. Мени чакыргандар:
Муфтий суранды туура түшүнүңүз, ырдабай койгонуңуз жакшы болот, мүмкүн болсо көрүнбөй кетип калсаңыз жакшы болот эле-дешти. -Бул эмне деген кордугу, муфтийдин өзүнөн угайын үстөлүнө барам-десем жардамчылары жалдырап жиберди. Анткени, Асылбек Жээнбеков менен Бир үстөлдө олтуруптур. (элчи аларды да көзгө илген жок) Өз өлкөмдө өзүм ырдай албай калганыма ызаландым. Ыйык Орозодо чыр кылгым келген жок. Элчинин милдети элдештирүү эмес беле? Мечит Кудайдын ыраазылыгы үчүн салынат жана колко кылынбайт. Алла Таала мусулмандарга жер үстүнүн бардыгына намаз окууга руксаат берген.
деген пикирин Аалы Туткучов жазган.