Гүлмира Кудайбердиева Новопавловкадагы лицейге башка директор дайындады

344

Сокулук районундагы Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейге убактылуу директор болуп Элнура Музаева  дайындалды. Жаңы жетекчини жамаатка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева  тааныштырды.

24-апрелде бул мектептин окуучуларынын ата-энелери мектеп фондуна чогултулган акчанын эсебин талап кылып чыгышкан.

Айтматов атындагы лицей миң окуучуга ылайыкташкан. Бирок азыр анда 4500 бала билим алат. Алардын 60 пайызынын ата-энелери мектептин фондуна каражат беришет. Ата-энелер директорду Диляра Абдуллаева «каражатты натыйжасыз пайдаланууда» деп айыптап  ишинен четтетилген.

Учурда лицейдеги окуяны териштирүү максатында комиссия түзүлгөн. Ошондой эле,  ишти прокуратура да текшерери расмий кабарланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь