Интернетте тараган видео учурда көпчүлүктү эки жаатка бөлдү. Анда Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат Токтомушевдун ич ара келише албай кыйкырышып жатканын көрүүгө болот.
Элчи мырза “мени менен ооз ачырганга эмне үчүн террористтерди чакырасын, мен салып берген 35 миң долларлык мечитти кайтарып бересиң” дегендей ишаараты муфтийдин дарегине айткан . Ошондой эле муфтияттын адамдары аны сооротууга аракет кылганы дагы видеого түшкөн.
(ВИДЕО АРГУМЕНТ КЖ)