Кыргызстандык кыз «Аалам сулуусу-2019» аталды

273

Кыргызстандык Каныкей Айылчиева Түркия өлкөсүндө болуп өткөн сулуулук сынагын жеңип, Miss Universe Beauty-2019 аталды. Мекендешибиз сынактан сулуулук, талант жана мода категорияларынан гран-прини багындырган.

Бул фестиваль 1-майдан 8-майга чейин Түркиянын Аланья шаарында өттү.

Сынакка Айылчиева менен бирге 30 өлкөнүн сулуулары катышкан. Аталган сынактын жүрүшүндө эл аралык калыстар Каныкейдин улуттук жана кече көйнөктөрүн, ошондой эле анын аткаруусундагы улуттук кара жорго бийинин өзгөчөлүгүн баалашкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь