Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Сокулуктун Новопавловкада жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектепке барып окуучулардын ата-энелери менен жолуккан. Интернет колдонуучусу Кутман Апышев фейсбуктагы баракчасына анын балдар каникулда экенине карабай барып, ата-энелерди зарыктырып, күттүрүп, анысы аз келгенсип урушуп кеткенин жазган.
“Бул министр айымдын кечээги Новопавловка айылындагы Ч.Айтматов атындагы мектепке барып,үч-төрт саат зарыгып күткөн Ата-Энелерге жакшы сөз айткандын ордуна кайра аларды жектеп, окууга не тоскоол болуп атасыңар дегени кызык болду.Бул министр болумуш айым, он үчүнчү майга чейин окуу жабык экенин билбейби?Бизге ушуга окшогон кемчонтой министрлердин кереги барбы? Гүлмира Кудайбердиеванын кызматтан кетүүсүн талап кылышыбыз керек. Бул айымдын тушунда да билим берүү тармагы гүлдөп өсүп кеткен жок,тескерисинче талкаланып жок болду”.
Ал эми Апышев бөлүшкөн тасмадан министр Кудайбердиева айрым ата-энелер менен ажылдап урушуп жатканын көрүүгө болот.