Чилиде жол кырсыгынан 6 адам көз жумду

285

Чилиде жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жол кырсыгына кабылып, 6 адам каза болуп, 40ка жакын адам ар кандайц жаракат алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, автобус Чилинин борбор шаары болгон Сантьягодон түштүктү көздөй Пуэрто-Монт шаарына бара жаткан.  Айдоочу транспорт каражатын башкаруу көзөмөлүн жоготуп, каршы жол тилкесине чыгып, оодарылып кеткен.

Автобустун ичинде 52 жүргунчү жана 2 айдоочу болгону айтылууда.

Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь