Чаткалдын Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылдарын байланыштырып турган көпүрөнүн эки жылдан бери бүтө элек. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Кутман Смаилбек уулу билдирген.
Анын айтымында, союз убагында Чаткал дарыясынын үстүнө салынган көпүрөнүн эскилиги жеткен. 2014-жылы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында аймакта кен казган “VERTEX GOLD” компанияcы жаңы өтмөк куруу үчүн 16 млн сом бөлүп берет. Чаткал акимчилиги “ADC_СТРОЙ” компаниясы менен 3 тараптуу (тендерсиз) келишим түзүп, көпүрөнүн курулушун 2015-жылы баштайт. Бирок 2016-жылы пайдаланууга берилген көпүрө бир жыл айланбай, 26-майда кулап калат.
Курулуш компаниясы менен келишим тендерсиз түз түзүлгөндүктөн, Транспорт министрлиги көпүрөнү өз балансына албайт. Ал эми “ADC_СТРОЙ” өтмөктү кайра оңдоп берүүдөн баш тарткан.
“Жергиликтүү бийлик кийин башка компания менен келишип, кайрадан көпүрө курууну чечет. “VERTEX GOLD” дагы 9 млн сом каражат бөлүүгө макул болуп, куруучу компанияга 6 млн сом каралат. Алар бир тумбасын гана куюп койгон боюнча курулуш иштери токтоп калган“, – дейт Кутман Смаилбек уулу.
Азыркы күнгө чейин эл союз убагында салынган көпүрөдөн пайдаланып келген. Бирок мындан бир ай мурда ал дагы авариялык абалга келип, ӨКМ пайдаланууга тыюу салган. Азыр Айгыр-Жал айылынын тургундары Чаткалдын борборуна жетүү үчүн башка жол менен айланып барып жатат.
Булак: Калыс Медиа