«Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковго кол салуу болду

241

Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартып жаткан учурда «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковго кол салуу болду. Журналисттин бети, колу тытылып, кийими айрылгандыгын “азаттык” жазды. Аталган жайга милиция кызматкерлери келип, журналистке кол салгандар кармалганы кабарланды.

Исаков Ош шаарында «Делюкс» мейманканасынын капталында жайгашкан, аты жок кумаркананы тартууга барган. Бул тууралуу ири суммада акчасын уттурган баланын ата-энеси кайрылып, 2017-жылдан бери кумаркана иштеп жатканын билдиришкен. Жабыркаган тараптын маалыматына караганда, баласы 2017-жылдан бери 50 миң доллардай уттурган. Алар уттурган акчаны кайтарып берүүнү талап кылып жатышат. Маселе чечилбесе президентке да кайрылышарын Ыдырыс Исаковдун «Фейсбук» баракчасындагы түз берүүсүндө билдиришти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь