Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын өйдө жагында жайгашкан “Ак-Суу Кенч” эс алуу жайына бүгүн жергиликтүү эл нааразы болуп келишти.
Алардын айтымында эс алуу жеринде душ, бассейндерден чыкан суу эл ичип жаткан Ак-Суу суусуна кошулуп атат.
“Биздин айылда мындай эс алуу жайлар ачылганы жакшы. Бирок бир киши киреше табат деп, 12 миң киши эл жуунган сууну ичип атат. Биздин ден соолук кандай болот. Максатыбыз суусун тазаласын. Жаштар талабы ушу” – дейт айыл тургуну Фархад Ыдырысов.
Мындай жаштардын нааразычылыгы көптөн бери уланып жаткандан кийин бүгүн атайын комиссия түзүлүп келди. Анын курамына Санитардык эпидемиялык көзөмөлдө, ӨКМ, райондук прокуратура, экологиялык техникалык инспекциясы, айыл өкмөт жаштар келди.
Анда комиссиянын курамына кирген гана жарандар кирсин деп, эс алуу жайга кире бериште тургундар менен эс алуу жайынын ээсинин ортосунда кайым айтыш болду.
“Суу тазалоочу жайы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына тиешелүү. Ошондуктан эс алуу жайы менен оору кананын келишими бар. Бирок келишим 8 душка гана түзүлгөн. Андан чыккан суу тазалоочу жайга кетет“- дейт инженер Турат Кенжебаев.
“Ак-Суу районунун жаштары райондук администрацияга кайрылган. Алар бизге кайрылды. Мен азыр мыйзамдуу, мыйзамсыз деп айта албайм. 2018- жылы декабрь айында комиссия менен келгенбиз. Анда документтер толук болгон эмес. Аларды толуктап, көрсөтүп, кемчиликтерди жоюуга убакыт берилген. Бирок ортодо мыйзам алмашып, контрольный текшерүү болгон эмес“- экологиялык техникалык инспекциясынын суу ресурстарын жана обьектилерди көзөмөлдөө боюнча улук инспектор Кайрат Атакозуев.
Белгилей кетсек, Ак- Суу Кенч эс алуу жайынын суусунда натрий калий, магний, кальций, фтор, хлор, сульфат, гидрокарбинат, кремновая кислота бар болуп минералдык суу. Ал жүрөк кан тамыр ооруларына, зат алмашууга, радикулит, жыныстык жана тери ооруларына пайдалуу.