Алматы-Бишкек жолунда ири кырсык катталды. Анда 9 адам мерт кеткен

397

Алматы-Бишкек кан жолундагы кырсыкта тогуз киши каза болгонун Алматы Полиция департаментинен билдирди. 12-майда эртең менен трассанын 109-чакырымында «Lada» жана «Toyota Camry» кагылышкан. Каза болгондордун үчөө аял.  Алар Алматы, Чымкент шаарларынын, Түркстан жана Алматы облустарынын тургундары болгон.

Баштапкы маалыматка караганда, «Lada» үлгүсүндөгү автомашина рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен.

Факты боюнча экспертиза дайындалып, сотко чейинки тергөө башталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь