Асранкул Жээнкулов Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Озодбек Назарбеков менен жолукту

216

Ош шаарында мындан бир жыл мурда түзүлгөн “Бегайым Лайф” маданий борборунун жетекчиси Асранкул Жээнкулов, “ЭлТР” МТРКнын баш режиссеру Уланбек Абдираимов жана Ош шаардык Жаштар Парламентинен өкүлү менен биргеликте Өзбекстан Маданият министринин биринчи орун басары Озодбек Назарбеков менен жолугушуп кайтышты.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы 2019 – 2020 жылдагы маданий иш-чаралардын иш пландары каралган жана эки элдин ортосундагы маданий кызматташтыкты жайылтуу боюнча пикир алышкан.

Ошондой эле жакынкы аралыкта өтө турган Ош жана Жалал – Абад шаарларындагы “Өзбек кино” күндөрү ошондой эле кайрымдуулук концерт өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн Асранкул Жээнкулов фейсбук баракчасына жазды. 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь