Атабековдун апасы сабалгандыгын жакындары четке какты. Милиция эмне дейт?

164

Ырчы Мирбек Атабековдун апасын белгисиз адамдар ур-токмокко алып, 70 миң доллар акчасын уурдап кетишти деген маалымат жалган экенин Атабековдун менеджери Адил Урдунов элдик.медиа порталына билдирди.

“Жалган маалымат тарап кетти. Бул тууралуу жазбай деле койсоңуз болот. Андай окуя болгон жок”, – деди ырчынын менеджери.

Ал эми Бишкек шаардык милициядан бул фактынын катталгандыгын тастыкташты.

6-майда Октябрь райондук ИИБна А.Д.аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ага ылайык 5-майдан 6-майга караган түнү саат 1.45тер чамасында бет капчандар үйгө кирип зордук менен 60миң доллар акчалай жана алтын-зер буюмдарын тоноп кетишкен.

Бул окуя боюнча “талап-тоноочулук” беренеси менен кылмыш иши козголуп бүгүнкү күндө иликтөө иши башталды. Кылмышкерлер учурда активдүү изделүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь