Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын оюндарынын алкагында Кыргызстандын “Дордой” футбол клубу тажикстандык “Истиклол” менен ойнойт. Оюн Бишкектеги борбордук стадионунда 15-май күнү саат 20.00дө өтөт.

Учурда Тажикстандын оюнчулары Кыргызстанга келип жайгашышты. Душанбелик клуб “Дордой” менен беттешкенге чейин Бишкекте эки машыгуу өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, буга чейин эки команда Тажикстанда оюн өткөрүп, “Дордой” 1:4 эсебинде утулуп калган.

Учурда бир беттеши тең чыгып, экисинде жеңилген “Дордой” бир упай менен өзүнүн тайпасында акыркы орунда турат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 42