Дайыр Орунбеков: Эми, калыс баа берели, Райым миллион кимдики? Ал кимдин убагында кызматта жүрдү?

517

Райымбек Матраимов бүгүнкү видео кайрылуусунда Алмазбек Атамбаев Президент маалында жогорку кызматтарды ээлегенин танган эмес. Анын кызмат даражасынын көтөрүлүүсүн өзүнүн ак эмгегине жана ошол кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин колдоосу аркылуу ишке ашты деген. Мындан улам журналист блогер Дайыр Орунбеков төмөнкүдөй суроо салган:

Райым Матраимов кимдики?
Атамбаевдин убагында:
2010–2013 — Мамлекеттик Бажы кызматынын Ош башкармалыгынын жетекчиси;
2013–2015 — Мамлекеттик Бажы кызматынын түштүк боюнча жетекчиси;
2015–2017 — Бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

Президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда:
2017-жылы, 23-ноябрда Райым Матраимов кызматтан алынды, 2017-жыл, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришти.
2017-2019 – ж.ж Райым Матраимов жумушсуз.

Эми, калыс баа берели, Райым миллион кимдики? Ал кимдин убагында кызматта жүрдү?

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь