11-май күнү Базар-Коргон районунун Сай-Коргон аймагында шектүү адам баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы кабарлады.
Жалал-Абад облусунун опер кызматкерлери мыйзамсыз баңгизат каражаттарын сактоо, соода–сатык жүргүзүү менен алектенген жаран боюнча маалымат алышып, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.
Натыйжада Базар-Коргон районунун 44 жаштагы тургуну текшерүүгө алганда жанынан 33 даана тѳрт бурчтуу формадагы, ѳзгѳчѳ жыты бар, кара-күрѳң түстѳгү 327 грамм болгон баңгизат (гашиш) табылган.
Кылмышка шектүүнүн буга чейин бир нече жолу соттолуп чыккандыгы такталган.
Учурда бул факты боюнча материал КЖБРге катталып (ЕРПП), КРнын КЖКнин 267-беренеси боюнча сотко чейинки ѳндүрүш иши ачылып, шектүү Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.