Жаңы прокурорлор дайындалды

191

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун буйругу менен Баткен облусуна жана Ноокат, Сузак райондоруна жаңы прокурорлор дайындалды.

Ага ылайык, Мырзабек Осмонов Жалал-Абад облусунун Сузак районуна прокурор болуп дайындалды. Башпрокурордун дагы бир буйругу менен Калмамат Бекташов Ош облусунун Ноокат районуна прокурор болду.

Ал эми Баткен облусунун прокурору болуп 51 жаштагы Абдибакыт Халмурзаев дайындалды.

Өткүрбек Жамшитовдун буга байланышкан буйругу 8-майда чыкканын башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь