Жылаңачтанып көчөгө чыгарылган жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты

318

Жалал-Абад шаарынын көчөсүндө жылаңачтап эл алдына басууга мажбурлаган оккуя облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, текшерүү башталган.

Натыйжада, видеону тарткан жана видеого түшкөн адамдардын өздүктөрү такталып милиция бөлүмүнө алынып келинди. Маалыматка ылайык, бул окуяга шектүү катары эки жаран кармалды. Алар 25 жашта жана экөө тең Жалал-Абад облусунун тургундары болгон.

Жалал-Абад ОИИБнын басма-сөз кызматынан маалымдагандай “көчөдө жылаңачтанган жабырлануучу арыз жазуудан жана бирөөлөрдү күнөөлөгөндөн баш тартты. Себеби мени эч ким урган жок, менин өзүмдүн жеке ишимдин негизинде ушундай иш болду деп арыз жазган жок.”

Буга карабастан факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, учурда текшерүү улантылып жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь