Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде алтын байгеге ээ болду. 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Жолчубеков азербайжандык Сакит Гулиевди 7:0 эсебинде жеңди.
Эл аралык мелдеш 11-майда Украинанын Киев шаарында белгилүү украиналык спортчулардын жана машыктыруучулардын элесине арналып өттү.