Каракол токой чарбасынын токойчулары  иш ташташты

223

Каракол токой чарбасынын токойчулары  иш ташташты. Алар Каракол токой чарбасынын жетекчи Максат Муканбетовго  жана токойду коргоо жана сактоо боюнча инженери Калчабек Самудиновго ишенбөөчүлүк көрсөтүшүүдө. Себеби,  инженер Калчабек Самудинов  кызматкерлерге туура эмес мамиле кылып,  бир канча жолу автоунаасына күйүүчү май куйдуруп келген.  Ошондой эле текшерүү учурунда дагы бир катар кемчиликтер кетип, башка органдын кызматкерлери дагы текшерүүгө түздөн-түз катышып турган дешет.

Ал эми токой чарбасынын жетекчилигин дал ошол токойду сактоо жана коргоо инженерин ар тараптан колдоого алып жатат деп  ага дагы  ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатышат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Каракол жана Ак-Суу токойчулугу бириктирилген. Буга чейин  он жылдан ашуун  убакыт өз-өзүнчө иш алып барып келген токой чарбасы кошулуп,  мунун негизинде  айрым кызматкерлер иштен кыскартылган. Бул маселе токойчулардын нааразчылыгын ого бетер курчуткан.

Бүгүн токой чарба кызматкерлери жетекчи жана инженер менен мындан ары бирге иштеше албайбыз деп 40ка жакын кызматкер  жумуштан кетүү боюнча арыз жазышты.

Каракол токой чарбасында  жалпысынан 100 миңге жакын гектар аянт бар. Орто эсеп менен алганда ар бир токойчуга 2000 гектардан аянт туура келет.  Алардын айлык акысы 5000ден 7000 ге чейин.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь