Муфтият менен элчиликтин чыры эмнеде?

222

Элчи болгон соң эч бир провакациялуу, орой сөздөрдү башка өлкөнүн дарегине айтуудан алыс болуусу керек. Мындай пикирин элдик.медиага эл аралык мамилелер боюнча эксперт Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтуусунда элчи террорбу же башкабы ал Түрк мамлекетинин ич ара саясий маселеси болгондуктан, Кыргызстан эмес Түркиядан башка бир да өлкө феточуларды террорчу деп тааныбай тургандыгын айтат.

Интернетте тараган видео учурда көпчүлүктү эки жаатка бөлдү. Ыйык рамазан айы кечиримдүүлүктүн айы, балким ошол негизде Муфтият эки тарапты бир жерге чакырганда айып жоктур дегендер да жок эмес.

Коомдук ишмер Жогорку Кеңештин 4- чакырылышынын депутаты Турдукан Жумабекованын пикиринде, Кыргызстан дин башкармалыгы атайылап жасабаган иш болсо керек. Алар диний көз карашта баардык мусулман элдерди ооз ачыруу парзын аткарып текши чакырган айыбыдыр дейт.

Бир мамлекеттин бакандай диний башкармалыгы эки мамлекеттин достук алакасын эске албай, Туркиянын ички Феточулар деп аталган уюму менен болгон саясатына кайдыгерлик же билбестик мамиле жасап, эки тарапты бир дасторконго чакыруусу бул Кыргызстандын Муфтиятынын билимсиздиги экендигин саясий серепчи Бакытбек Жумагулов билдирди.

Кандай болгон күндө да, коомчулук учурда “Жаман үйдү коногу бийлейт” деген ойду карманып турат. Бул маселе кандай өңүттө чечилет жана элчилик менен муфтияттын мындан аркы мамилеси кандай уланат кыргыз эли саресеп салып турат.

“Же Түркияны тандайсын же террорчуларды тандайсын”- деп Кыргызстандагы Туркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат Кыргызстандын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат Токтомушевди кекетип жаткан видео тараган. Түркиянын элчиси муфтияттын чакыруусу менен ооз ачаарга келип ал жерден эл аралык Себат билим беруу борборунун жетекчиси Орхан Инандын келгенинин көрүп, элчи сыртка чуркай чыгып террорчулар менен бир досторконго отурбайм деп үнүн өктөм чыгарып, кайра кетүүгө камынып жатканын көрсөк болот.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь