Ново-Павловка: Мектеп директорун кызматтан албаса, балдарын окууга жиберишпейт!

203

Бүгүн 13-майда Ново-Павловка айылынын Чыңгыз Айтматов атындагы мектебинде окуган окуучулардын ата-энелери кайрадан митингге чыгышты.

Горький паркына чогулгандар, мектептин керектөөсүнө каражатты чогулта турган фонддун жабылуусун талап кылышты. Мындан тышкары убактылуу кызматынан четтетилген мектеп директорун кызматынан кетирүү талабын коюшту.

Алардын айтымында, министрлик мектеп башчысын кимди дайындабасын кабыл алганга даяр.   Абдуллаеваны кайра алып келүүнүн кереги жок. Ошондой эле, билим берүү жана илим министр Гульмира Кудайбердиеванын дагы оставкага кетишин талп кылышты.

Эгерде үч күн аралыгында Абдуллаеваны кызматынан кетирбесе, балдарын мектепке жиберберин ата-энелер плакаттарга жазышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь