Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндөгү арыктагы саркынды суулары тургундарга чоң ыңгайсыздыкты жаратууда. Бул тууралуу элдик.медиага жергиликтүү тургун жиберди.
Анын айтымында, күн ысыкта жолдун боюнан басуу мүмкүн эмес. Суу көгөрүп, сасык жытты пайда кылып, калаалыктардын нааразычылыгын жаратууда. Мэрия көрсө дагы көрмөксөн. Саркынды суулар жол боюнда соода күркөлөрүнөн чыгат.