Эл алдына такыр көрүнбөгөн Раим Матраимов бүгүн Атамбаевге түз видео кайрылуу жолдогон. Анда Матраимов буга чейин ар кандай каралоолорго унчукпастан, сабырдуулук менен мамиле кылып келгенин айткан. Бирок жылда өткөрүлүп келе жаткан атасынын элесине арналган спорттук иш чарага ыплас сөздөрдүн айтылышы аны мындай кайрылуу жолдоого түрткөн.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун бул кайрылуусу социалдык тармактарда түрдүү талкууларды жаратып жатат. Айрымдар аны Атамбаевдин убагында эмнеге бетке айткан жоксуң деп кекетишсе, кээ бирөө Атамбаевге “эркекче” жооп берди деп алкашууда.
Маселен фейсбуук колдонуучусу Тимур Олжобаев: “Негизи Раим Матраимов коомчулукка озун жарыя кылып, пиар менен алектенген адам эмес. Өзүнүн аракети, чыдамкайлыгы, тырышчаактыгы менен үй-бүлөсү баштаган бизнесин өнүктүрүп материалдык байлыкка ээ болду. Ушул деңгээлге жетти. Анын деңгээлине жете албаган көрө албастар, бирөөнүн буйругун аткарып Матраимов жөнүндө коомдо терс пикир жаратып жатышат. Матраимов бул кайрылуусу менен саясий маданияттуулукту көрсөттү. Чындыгында Атамбаев менен күрөшүүгө Матраимовдун толук кудурети, күч-кубаты жетет.”-деп пикирин калтырган.