Шайлоодогу добуштарды саноодон каза болгондордун саны 496 адамга жетти

176

Индонезияда өткөн шайлоодогу түшкөн добуштарды саноодон улам каза болгон кызматкерлердин өлүмүнүн себептери инсульт жана инфаркт оорулары болгонун Индонезиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаганын Strait Times газетасы жазды.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, шайлоодон кийин шайлоо комиссиясынын 496 кызматкери каза болду. Алардын көпчүлүгүнүн жаш курагы 50дөн 70ке чейин.

Мындан тышкары 2,5 миң адам ооруканага түштү.

Массалык өлүмдүн дагы бир себеби катары буга чейин ооруп жүргөндөрдүн көп убакыт тынымсыз иштөөдө оорусу күч алып өлүмгө алып барган.

Эске салсак, 21-апрелде бийликтин бардык тармагына талапкерлерди шайлоо өткөн. Президент, премьер-министр, парламент, жергиликтүү бийликтер, шаардык жана айылдык кеңештерди шайлоо Индонезиядагы эң көлөмдүү шайлоо катары саналат.

Индонезиянын ар бир шайлоого катышкан жараны 5 шайлоо бюллетенин толтуруп, 5 башка урнага салууга туура келген. Шайлоого жалпы добуш берүүгө катталгандардын 80 пайызы катышкан. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 22-майда жарыяланат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь