31-январдан бери изделип, сөөгү талаадан табылган “Шыралжын” алтын кен ишканасынын кызматкери Рамис Төтөновдун өлүмү боюнча иликтөө башталды.
Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, маркумдун сөөгү 11-майда жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Аны жайлоодо бадалдардын арасынан көрүп калган.
34 жаштагы Рамис Төтөнов ушул жылдын 31-январында иштен кеткен боюнча үйүнө барган эмес. Окуяга байланыштуу, быйыл 14-мартта Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылынын элүүгө жакын тургуну (маркумдун айылдаштары) Шыралжын кенин жабууну талап кылып чыгышкан. Кен казган компания өкүлдөрү да жарандын жоголушуна тынчсыздануусун билдиришкен.
.