III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда жана аны өткөрүүдөгү салымы үчүн өнөктөш ЖМКларга Мухаммедкалый Абылгазиевдин ыраазычылык каты азыркыга чейин тапшырылбай турат.
Бул тууралуу “Репортерго” окурман билдирген:
“Маданият,маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы маалымат департаментинде коробкага салынган 100 даана ыраазычылык кат турат. Жалпы суммасы 100миң сомдун тегерегин түзөт. Бюджеттен максатыз пайдаланылган каражат үчүн ким жооп берет?”
Ал эми аталган министрликтин министри Азамат Жаманкулов АКИpressке бардык III ДКО ыраазычылык каттары тапшырылганын айтып, бул маалыматты дагы бир жолу текшерерин билдирди.