Өзгөндө өз кызын зордуктаган 46 жаштагы атага сот өкүм чыгарды. Өзгөн райондук соту кылмышка тартылган жаранды 12 жарым жылга эркинен ажыратылгандыгы Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.
Эске салсак, Ош областынын Өзгөн шаарында 7-класстагы окуучу кыз өзүнүн атасынан алты айлык боюнда бар экендиги аныкталган.
Бул боюнча милиция кызматкерлери иш алып барып, белгилүү болгондой 2013-жылы кыздын апасы каза болгон. Ал эми атасы экинчи II топтогу майып болуп калган. Жол кырсыгынан кийин атасынын көзү жакшы көрбөй калган. Окуучу кыз эки бөбөгү жана атасы болуп чогуу турушчу.
Атасынан боюна бүтүп калган кыз 5-апрелде кесарево жолу менен уул төрөгөн. Анын туугандары кыздан дагы, ал төрөгөн ымыркайдан дагы баш тартышкан.
Сотто атасы күнөөсүн мойнуна алып, кызынын боюна бүтүп калгандыгын билген эместигин айткан. Өкүнүп жаткандыгын айткан кылмышкер күчтүү жаза берүүсүн өтүнгөн. Ошол күнү ал аял менен жыныстык катышууну каалап, кызынын бөлмөсүнө адашып кирип алып анын каршылыгына карабай зордуктаган.
Ыпылас ишке барган адамга карата сот 12 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасын берди