“Манас” аэропортунан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган.
Чүй ОИИБнан маалымдагандай, 2018-жылдын сентябрь айында жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында, жакшы тааныш эмес эки адам ишеничине кирип, ишкерлик менен бирге алектенүү сунушу менен Аламүдүн районунда жайгашкан жер тилкесине ээлик кылып алган.
Бул фактыга шектелип “Манас” аэропортунан 37 жаштагы Бишкек шаарынын Н.Т. тургуну кармалды. Учурда ал милициянын тергөө бөлүмүнө киргизилди.