Ош шаарындагы жашыруун ишмердүүлүк жүргүзгөн кумарканаларды иликтөө үчүн барган «Азаттык» менен Нур ТВнын кабарчылары съёмка учурунда ур-тепкиге кабылышты. Буга чейин Ыдырыс Исаковдун бети-колу тытылып кийимдери айрылып кеткендигин жазганбыз.
Ал эми дагы бир журналист Даткабек Шабданбек уулун күзөтчүлөр имаратка камап коюшкан. Тартылган видеотасмаларды колун кайрып алып өчүрүп салышкан.