Алина Шаикова паспорт чыры боюнча үн катты

104

Өткөн жылдын аяк жагында УКМКнын төрагасы Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова менен Дастан Догоев экөөнү чакырып, ресторанга барганын Шаикова өзү тастыктады. Бул тууралуу  Kaktus media жазып чыкты.

Биз жолугушуунун максатын билген эмесбиз. Ошол маалда эки ишкер менен тааныштырды. Алар европалык компаниялардын документтеринин бланкаларын даярдап алышыптыр. Сүйлөшүү учурунда биометрикалык паспорттор жана башка көптөгөн мамлекеттик документтер тууралуу сөз болду. Башкача айтканда бул компания менен иштешибиз керектигин айкын көрсөттү”-деп билдирген Шаикова.

Эске салсак, паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерден мамлекеттик бюджетке 253 млн. 377 миң сомдук зыян келтирилгендиги үчүн «Инфокомдун» башчысы Талант Абдуллаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамкаттоонун башчысынын орун басары Русланбек Сарыбаев камакка алынып, жакында үй камагына чыгарылды.

Ал эми Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы кызматынан 19-парелде  бошотулган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь