Ошто 4 турак жай өрттөндү

180

Ош облусунун Кара-Суу районунда 4 турак үйдүн чатырынын жалпы 629 чарчы метри күйдү, бактыга жараша жабыркагандар жана каза болгондор жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма-сөз кызмтаы кабарлады.
Маалыматка караганда, 13-май күнү саат 20:20 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылынын Ибн-Сина көчөсүндө катар жайгашкан төрт турак үйлөрдүн болжол менен жалпы 629 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган чатырлары күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.

Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМден жана башка күчтөртылып,өрт саат 21:22де чектөөгө алынып, саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу болжолдуу себептери такталуу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь