Аткезчилик жол менен тамеки ташыган жаран кармалды

373

ЕАЭБтин бажы аймагына тамеки продукцияларын мыйзамсыз ташып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, 11-май күнү саат 03:30 чамасында “Түштүк-Батыш” бажысынын аткезчилик  жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Базар-Коргон районундагы Совет айлында  жаран  С уулу Днын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 814D” автоунаасын токтотуп текшеришкен.

Анда унаанын салонан Тажикистандын акциздик маркасы менен 80 коробка  тамеки продукциялары табылган. Айдоочу кармалган учурда бажыга тийиштүү эч кандай документтери жок болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь