А. Акмат уулу: Райым миллион Атамбаевге Дача-СУну эскертип жатышы мүмкүн

217

Экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган КСДП Раим Матраимовдун кайрылуусуна жооп кайтарып, аны “акүйчүлөрдүн кезектеги чабуулу” деп атады.

Райымбек Матраимов экс-президентке аны менен кармашууга кудурети жете турганын эскертип кайрылган эле. Ал өзүнүн видео кайрылуусунда кезинде экс-президент менен абдан ынак болгонун, кийин ортосун кара мышык аралаганын айтты. Ошондой эле эми керек болсо Атамбаев менен кармашууга кудурети жете турганын, керектүү маалыматы да бар экенин баса белгиледи. Анын дал ушул сөзү Матраимов эмнени кыйытып жатат деген талкууга жем таштады.

Би-Би-Си эксперт, журналист Айданбек Акмат уулуна ушундай суроо менен кайрылды.

Би-Би-Си: Райымбек Матраимов эмнени айткысы келди, маалыматым бар деп жыландын башын кылтыйтты деп, ар ким ар кандай жоромолдоп жатпайбы. Сиз кандай түшүндүңүз?

Айданбек Акмат уулу: Менин түшүнүгүм боюнча бул экөө киндиктеш, сиам эгиздери сымал коррупциянын негизинде жармашып калган эки фигура. Муну кандай негиздейбиз? Муну негиздөөгө аябай көп сөздөр, фактылар бар. Ал фактылардын эң негизгиси катары биз Райым Матраимовду кызматтан алгандан кийин ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков менен Бажы кызматынын ошол кездеги башчысы Кулматов экөөнүн ортосундагы сөздү айтсак болот.

Ал жерде кандай фактылар келтирилген? Ал жерде Исаков экөөнүн ортосундагы сөздө айтып жатат: мына Бишкек бажысынан күн сайын мурда 30 000 000 сом түшүп жаткан болсо, азыр 60 000 000 сом түшүп калды, Ош бажысынан болсо 2 000 000 сомго жакын түшүп жаткан болсо, азыр 15 000 000 түшүп калды деген. Мына ушул суммаларды кошуп келгенде бир жылга 200 000 000 же 14 млрд сомдун тегерегиндеги каражат болот экен.

Чоң саясий чөйрөдө ошол эле кезде, ага чейин да сөздөр болуп келе жаткан. Кыскасы ошол Бажы кызматы биринчи адамга ай сайын 13-15 млн доллар накталай акча алып кирип турат деген кеп жүрчү. Бул нерсе ошол Сапар Исаковдун айткан маалыматтары менен ошол ташылып кирип жаткан 15 млн экөөнү салыштырып көрсөңүз окшош сан чыгат.

Бирок, ошол сөз болуп жаткан акчалар жөнүндө Матраимов өзү айтышы кыйын. Себеби, өзү жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн. Андан сырткары бажы тармагындагы булар тейлеген башка бир ыкмалар болушу мүмкүн. Башка каналдар аркылуу кетип жаткан акчалар болушу ыктымал. Ошол эле кезде азыр айтылып жаткан контрабанда аркылуу алынып келип жаткан товарлар болушу мүмкүн. Себеби, телефон контрабандасы жөнүндө, башка контрабанда жөнүндө аябай көп сөз бар. Ошол эле учактын кыйроосундагы контрабандалык жүктөр жөнүндө сөздөр, ошолор жөнүндө маалыматы бар, мүмкүн ошолорду маалыматым бар деп айткандыр.

Би-Би-Си: Эми минтип быкый чукушмайга өткөн бул күрөш эмне менен бүтчүдөй?

Айданбек Акмат уулу: Бул күрөштүн аягы, эми биз көрүп жатабыз, жаш бала эмеспиз. Бул күрөш бийлик кайсы тарапка тартса, ошондой болот. Азыркы кезде Райым миллионду эмне үчүн кектеп калды дегенде, баягы, эки аялдын урушу деп жатпайбы, бул суу кечпеген сөз. Андай болбойт эч качан. Бул жерде менимче өтө чоң бир маселе бар. Бул ошо президенттик шайлоо, андан кийинки учурдагы финансылык агымдарды бөлүштүрүүгө байланыштуу маселе.

Райым миллион биринчи делген адамга эгерде кандайдыр бирдеме ташыган деп элестетсек, ал кожоюн алмашты деп президенттик шайлоодон кийин ташымайды токтоткон. Эми башка кожоюнга ташыйм дегендей мүмкүн бир башка иштер болгондур. Дал ошол себептен аны дароо кызматтан алуу талабы коюлган. Ал талапты ошол кездеги премьер-министр аткарган. Негизги себеп ошол жакта жатат. Анан эки аял урушуп кеткен деген болбогон сөз.

Акүйчүлөрдүн кезектеги чабуулу

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президенттин атынан Райымбек Матраимовго көп күттүрбөй эле жооп кайтарып, бул кайрылууну бийликтин демилгеси деп атады.

“Бул роликтен кийин Жээнбековдор менен Матраимовдор чогуу экенинен эч ким деле шектенбей калды. Интрига да тарады. Биз Раим Матраимовдун кечээки опурула сүйлөгөнүн ак үйчүл оппоненттердин кезектеги чабуулу, коомчулуктун көңүлүн анын Жээнбековдордун үй-бүлөсү менен болгон көп жылдык байланышынан алагды кылуу катары баалайбыз. Матраимов айткандарын өзү жазбаганы, буга өзү демилгечи болбогону көрүнүп турат. Аталган роликтин режиссерлору адамдардын мурдакы бажычыга карата жек көрүүсүн гана күчөтпөй, аны учурдагы президентке ого бетер катуу байлап да коюшту”,-деп айтылат КСДПнын билдирүүсүндө.

Булак: Би-би-си кыргыз кызматы 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь