Балыкчы шаарына 26 жаштагы мэр тандалды. Жаңы мэр тууралуу маалымат

278

Бүгүн 14-майда Балыкчы шаардык депутаттары мэрди шайлашты.

31 депутат добуш берүүгө катышып, алардын 22си 26 жаштагы Марат Кудайбергеновго ал эми 9у 40жаштагы Мирбек Шакировго  добушун беришти.

Кудайбергенов Марат Сагынович 1993-жылы туулган. Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарынын тургуну. “Замандаш” фракциясынан депутат.

Жогорку билимдүү. Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университеттин “финансы жана кредит” кесибинде окуган.

Эмгек жолу: 2011-жылдан 2017-жылдары “Алыш Сервис” ЖЧКнын башкы директору болгон. 2017-жылдын август айынан тарта Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болуп эмгектенген.

2019-жылдан тарта “Президенттин №2 мамлекеттик резиденциясынын” маркетинг бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Үй-бүлөлүк абалы бойдок.

Марат Кудайбергеновдун атасы жана агасы Токмок шаардык кеңештин депутаттары.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь