“Батукаевге карата дарыгерлер койгон диагнозго убагында ишенгеним үчүн коомчулуктун алдында кечирим сурайм”. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун элдик.медианын “Элдик талкуу” программасында сүйлөп жатып айтты.
“Бул жоруктун артында экс президент Алмазбек Атамбаев, Шамиль Атаханов, Данияр Нарынбаев, Зарылбек Рысалиев, Аида Салянова сыяктуу адамдар бар. Арадан 6 жыл эмес, 60 жыл өтсө да ал окуяга тиешеси барлар жооп беришибиз керек.”
Азиз Батукаевди бошоткон тийиштүү тармактын кызматкерлеринин ошол иш боюнча сурак берүүлөр башталып, биринчилерден болуп коомчулукка Азиз Батукаев рак илдети менен жапа чегет экенин айткан дарыгерлердин корутундусуна ишенип аны тастыктап бергендигин мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун моюндады.
Алты жыл мурда оор кылмыштар үчүн камалган Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.
Азиз Батукаевдин мыйзамсыз Кыргызстандын абагынан бошотулуп кетиши тууралуу окуя бир ай мурда парламентте кайрадан кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Быйыл 19-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын айтып , иликтөө иштери кайра башталганын билдирген. Прокурор айткан, аталган сурак башталып “Кыңыр иш кырк жылда билинет”демекчи, бул окуяга тиешеси бар чиновниктер суракка чакырылып, бир тобунун тынчы кетип уйкусу качып жаткан учуру.