Сильвер Кинг каймана аты менен мушташып жүргөн 51 жаштагы мексикалык мушкер Гонсалес Баррон рингде мушташып жатып көз жумду.
11-майда Лондондо беттешке чыккан спортчу эл алдында каза болду. Ал Ювентуд Геррер менен мушташып жатып кулап түшкөн.
Көрүүчүлөр дароо түшүнө албай, жада калса калыстар тобу дагы окуяга дең дароо болуп калышкан.
Гонсалес Баррон күмүш королу наамынын ээси, бир нече кинолордо тартылган. Кесиптешинин айтымында ал өзү каалагандай мушташ талаасында өлүм менен бул дүйнөдөн кош айтышты.