Бишкектин борборунда жөө жүрүүчү жолдон окуучуну унаа сүзүп кетти.
Бүгүн 14-майда кечки саат 7 лер чамасында “Хонда фит” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түштүктөн түндүк тарапка бара жатып Московский көчөсүнөн жаш баланы коюп кеткен.
Жаракат алган бала тез жардам кызматы менен №3 балдар ооруканасына жеткирилди.
Унаа айып короого токтотулду.