Бүгүн Балыкчы шаардык кеңештин депутаттары шаар мэрин шайлашат. Буга чейин маалым болгондой мэрликке эки талапкер ат салышкан. Алардын бири 40жаштагы Мирбек Шакиров, экинчиси 26 жаштагы Марат Кудайбергенов.
Марат Кудайбергеновдун атасы жана агасы шаардык кеңештин депутаттары экендигин айрым маалымат булактары жазып чыккан. Кудайбергеновдун атасы Балыкчы шаардык кеңешинде депутат экендигин калаанын вице-мэри Алишер Табалдиев элдик.медиага тастыктаган.
Балыкчынын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.