Жыйын учурунда уйкуга кеткен чиновник (видео)

221

Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 14-майдагы жыйналышынын күн тартибине киргизилген Кыргыз Республикасындагы жаңы конуштарды электирлештирүүнүн учурдагы абалы жана бул маселени чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттери боюнча Эноргохолдингтин төрагасы Азамат Абдыкадыров жаңы конуштардагы электр энергиясын тартууда каражат тартыш болуп жаткандыгын айтып жини тарай элек эл өкүлдөрүнүн жемесине калды.

Ал ортодо “Түндүк электр” ишканасынын азыркы башчысы мурдагы депутат Искендер Кадыркулов катуу чарчагандыктанбы же мурдагы кесиптештерин көп деле маани бербейт дедиби кезек кезеги менен уйкуга кетип жатты.

Өкмөт бири бирине шылтабай ишти жөндүү алып баргыла деп эл өкүлдөү каттуу кыйкырык менен комитет жыйыны да аяктады.

Барынан эле жогоруда айтылган эл өкүлдөрүнүн экс-кесиптеши Искендер Кадыркуловго эле жеңил болбосо, калган өкмөт өкүлдөрү жеме угуп алып жыйындан чыгышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь