Казакстанда «Назарбаев таануу» сабагы киргизилеби?

224

Казакстандагы окуу жайларда «Назарбаев таануу» деген жаңы предмет пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Түштүк Казакстан» гезити жазды.

Басылманын маалыматтарга караганда, бул сабак боюнча жаңы окуу китебин иштеп чыгуу сунушу өлкөнүн Билим берүү министрлиги тарабынан жактырылкан.

Ал эми Нурсултан Назарбаевдин эмгектери — сүйлөгөн сөздөрү, баяндамалары, элге кайрылуулары, интервьюлары, илимий-социологиялык макалалары жана түрдүү темалар боюнча жазган китептери 101 томду түзгөн деп айрым серепчилер билдирген.
«Алар өз ичине эгемендүү жаңы мамлекеттин калыптануусу менен өнүгүүсүнүн саясий, экономикалык, коомдук-социологиялык жана тарыхый аспектилерин камтыйт. Айрым учурларда эмгектер глобалдык-планетардык мүнөзгө дагы ээ»,-деп кошумчалашкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь